AVN







“ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”

“ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
 Dec 9, 2022  280

      Табигый -илимий билим берүү кафедрасында “Тоо экосистемаарын коргоо жана климаттын туруктуулугу, жашыл экономика”  жылына карата “Дени сак муун – таза коомдун тарбиячысы” аталышындагы илимий- практикалык конференция өткөрүлдү. Алгач конференцияны кафедранын жетекчиси х.и.к. доцент Н.Б. Арстанбекова ачып берип, конференциянын катышуучуларын ийгилектерди каалап кетти. Бул конференцияга  Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун  илим, аспирантура, магистратура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. доцент Д. Чокоева,  тех.и.д. проф. А.А. Аширалиев, б.и.к. доц. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин директору  А.Д. Эгембердиева жана башка окуу жайлардын окутуучулары чакырылган, аларга дагы сөз берилди, өз каалоо-тилектерин айтышты.  Конференциянын пленардык отурумунда  т.и.д. проф. А. А. Аширалиев, б.и.к. доц. А.Эгембердиева, б.и.к. доц. Г. Жусупбаева, б.и.к. доц. Ш. Нурдинов, К.Ш. Токтомаматов  атындагы ЭАУнин Эл Аралык медициналык колледжинин студенти Жорокулова Ч.Ж. жана Жалал-Абад колледжинин  студенти Аданова Н.М. баяндама жасашты.  Жалпы пленардык отурумда  6 илимий макала жана үч секциялардан (Философия жана гуманитардык илимдер секциясы, Табигый илимдер секциясы, Техникалык илимдер секциясы) 20- илимий баяндамалар угулду жана талкууланды. Конференциянын аягында баяндама жасаган студенттерге жана алардын жетекчилерине диплом жана ыраазычылк каттар тапшырылды. Бул илимий практикалык конференция мыкты деңгээлде өттү, уюштуруучу топко, өзгөчө а.ч.и.к.доц. Б.Жээнбековага жана окутуучу К. Камчыбековага  терен ыраазычылык билдирем деп ТИББ кафедрасынын башчысы х.и.к. доцент  Н.Б. Арстанбекова маалымдады.

  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”
  • “ДЕНИ САК МУУН – ТАЗА КООМДУН ТАРБИЯЧЫСЫ”