AVN

Магистранттардынилимий –изилдөө практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

Магистранттардынилимий –изилдөө практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы
 Dec 9, 2022  250

Англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ -(АТ)-маг-1-21 тайпасынын илимий-изилдөө практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган кафедрадан кабарлашты. Конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен магистранттары катышышты.

Магистранттар илимий-изилдөө практикасын англис тили жана адабияты кафедрасында 2022-жылдын  22-октябрынан 19 –ноябрына чейин өтөшкөн. Практика учурунда магистранттар илимий жетекчилери менен чогуу иш алып барып,теориялык жана практикалык билимдерди тутумдаштыруу, бекемдөө жана кеңейтүү, конкреттүү изилдөө маселелерин чечүү үчүн билимди колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, изилдөө методдорун жана өз алдынча изилдөө жана кесиптик ишмердүүлүк көндүмдөрүн калыптандырышты.

Магистранттар практика учурунда аткарган жумуштарынын отчетторун презентациялашты.

Конференциянын жыйынтыгында илимий-изилдөө практика боюнча берилген отчеттору «канааттандырарлык» деп табылды – дейт аталган кафедранын окутуучусу Гулбарчын Орозбаева.

  • Магистранттардынилимий –изилдөө практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы