AVN







ПРАКТИКАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ПРАКТИКАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
 Dec 9, 2022  249

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин М-1-19 тайпасынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык 2022-жылдын 7-ноябрынан 10-декабрына чейин кесиптик-профилдик практика өтөшүп жатып, практика башталгандан тартып 2 жума өткөн соң, рефлексиялык конференцияга чакырылгандыгы кабарланган.

Ушул эле күнү практиканттар практика мезгилинде кездешкен көйгөйлөрүн айтып, талкуулап, калган көйгөйлөр боюнчаиш-чараларды пландоо, башкача айтканда семинар өткөрүү пландалган.

Рефлексиялык конференцияны улап, математика боюнча предметтик стандартка ылайык сабактын иштелмесин иштеп чыгуу маселесин чечүү максатында Нурматова Майрамгул семинар өттү.

Семинардын жүрүшүндө практиканттар өздөрүнүн мектепте бөлүнгөн класстарына ылайык, топтордогу тандаган темаларга ылайык сабактарды пландоо, предметтик стандарт менен иштөө, окуучулардын негизги жана предметтик компетенттүлүктөрүн калыптандыруу боюнча маалыматтарды угушуп, андан соң азыркы сабактын структурасы менен сабакты пландоо иш-аракеттерин талдашты.

План конспектиде ПКнын коюлушу, анын мааниси, аны калыптандырылышы, орду, кантип тандалышы, НКлардын коюлушу, мааниси, калыптандырылышы талкууланды. Семинар практиканттар үчүн кызыктуу да пайдалуу да болгондугун иштин соңунда билдиришти.

  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
  • ПРАКТИКАНТТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ