AVN







САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
 Dec 9, 2022  271

Алдынкы тажрыйба борборунун энергетика  ПЦКсы тарабынан «Манас күнүнө» жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 94 жылдык маарекесине арналган адабий чыгармаларынын каармандар парады  тарбиялык саат тибинде өтүлдү. Иш чарага ЖАКтын директору п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева, ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров, ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Ү. Кайкиева, ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Ж.Паязова, ЖАКтын Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын жетекчиси Д.Калдарова катышышты.

Энергетика ПЦКсынын жалпы мугалимдери тарабынан уюштурулган залкар жазуучу Чынгыз Айматовдун  “Саманчынын жолу”, “Кылым карытаар бир күн”, “Бетме бет”, “Кызыл алма” чыгармаларынан  чакан сахналаштырылган көрүнүштөр болуп өттү.

«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Манас эпосунан үзүндүлөрдү ЭСк-2-22, ЭССк-2-22 тайпаларынын студенттери мыкты деңгээлде айтышты.

«Манас күнүнө» жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 94 жылдык маарекесине арналган иш чара соңунда өз максатына жетип каармандар параддан өтүштү.

  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
  • САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ