AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА КҮЗ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА КҮЗ МАЙРАМЫ ӨТТҮ
 Dec 9, 2022  285

ЖАКта табигый илимдер ПЦКсы тарабынан «Алтын күз»майрамы болуп, тайпалар арасында күз берекеси чагылдырылган композициялык - концерттик кароо сынагы өткөрүлдү.Майрамга ата-энелер, ЖАМУнун ректоратынан өкүлдөр, конкурстун калыстары чакырылды.Жыл сайын өткөрүлгөн иш- чаранын быйылкы өзгөчөлүгү 20 тайпанын ортосунда кызуу таймаш болду.

 Программада төмөндөгүдөй кароо сынактар болду:

        1. Күз ханышасын тандоо

  2. Чыгармачылык , автордук колго жасалган композициялардын кароо сынагы.

        3. Күз берекесиндеги жайыл дасторкон  кароо сынагы.

4. Сүйүктүү күзүм дубал гезиттер кароо сынагы.

Жыйынтыгында:

 Күз ханышасын тандоосынагында студенттер төмөнкү номинацияларга ээ болушту:

БКМк-02-22 тайпасынын студенти Тойчубекова Адина “Күз ханышасы”,

МЧББк-2-22 тайпасынын студенти Анарбай кызы Сүйүмкан “Ажарлуу күз ханышасы”

БКМк-04-22 тайпасынын студенти Жакыпалы кызы Гүлмайрам “Сүйкүмдүү күз ханышасы”.

Чыгармачылык , автордук колго жасалган композициялардын кароо сынагындажаратылыш объектилеринен алынган, жашылча жемиштерден, жалбырактардан, кургак дандардан ж.б. жасалган чыгармачылык менен иштелип чыккан, узакка сакталган икебаналар көркөмдүүлүгүнө карата бааланып, төмөнкү тайпалар орундарга ээ болду.

1-орунга БКМб-2-22, 2-орунга КМТШИк-2-22, 3-орунга БКМк-04-22.

Күз берекесиндеги жайыл дасторкон  кароо сынагындатөмөнкү тайпалар орундарга ээ болду:

1-орун БКМк-05-22, 2-орун ПОВТАСк-2-22, 3-орун ЭССк-2-22

Сүйүктүү күзүм дубал гезиттер кароо сынагы боюнча: 1-орун АТк-4-22, 2-орун МЧББб-2-22, 3-орун БКМк-05-22 тайпалары ЖАКтын Ардак грамоталар менен сыйланышты.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА КҮЗ МАЙРАМЫ ӨТТҮ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА КҮЗ МАЙРАМЫ ӨТТҮ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА КҮЗ МАЙРАМЫ ӨТТҮ