AVN







БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
 Dec 9, 2022  248

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында жалпы студенттер жана окутуучулар менен биргеликте “Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү”- күнүнө карата тарбиялык саат өткөрүлдү. Учурда ВИЧ/СПИД оорулары статистика көрсөткөндөй дартка кабылгандардын саны жылдан жылга көбөйүп барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо, бул илдетке каршы туруу ишинде ачык болуу, зиректигибизди көрсөтүү менен биргелешип жеңе алабыз деген үмүт менен  бул тарбиялык саат уюштурулганын,ага окутуучу Ы. Батырова билдирди. ИЭТ-1-19, ИЭТ-1-20 тайпаларынын студенттери   СПИД боюнча презентацияларды жасашып, ооруга чалдыккан адамды даарылоо эрежелерин, оору кандай жол менен кантип жугаары туурасында түшүндүрүп кетишти.

        СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун - кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан.

СПИДдин эң негизги белгиси болуп - адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн, башкача айткандаиммунитетинин алсызданышы, бузулушу болуп эсептелет.

  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ