AVN







“БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ

“БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
 Dec 9, 2022  243

“2022 – 2027- жылдарга улуттук наркты сактоого жана өнүктүрүү” жөнүндөгү улуттук программанын , “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктын, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 100 жылдык мааракесине утурлай “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында жана 4-декабрь “Манас” күнүнө карата 29-декабрда “Манас” жана Р.З.Кыдырбаева” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Андан кийин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу А.Шерипбаев тарабынан уюштурулган манас таануу предмети боюнча “Билерман-ордо” интеллектуалдык таймашы башталды. Таймашка университеттин 4 факультетинен бирден топ жана ЖАКтан эки топ, медициналык колледжден бир топ болуп, бардыгы 7 команда катышты. Калыстар тобун ф.и.д., профессор К.Б.Калчакеев жетектеди, натыйжада ФФнын “Таберик” командасы 1-орунду, ЭЮФдун “Көк асаба” тобу 2-орунду,  Э.Уметов атындагы ПФнын “Каныкей” тобу 3- орунду ээледи. Бул топторду окутуучулар ф.и.к., доцент А.Кадырова баштаган Г. Каленбекова, У.Омурзакова, Г.Кудайкулова, медициналык колледжден Н.Байгозуева, ЖАКтан Д.Тажибаева, А.Ажыкуловалар даярдашты.

         Таймаш ар бир топтун манас айтуусу менен башталды жана адаттан тыш ребустар, онлайн-тест, суроо-жооптор болуп, алардын баарынын суроо-тапшырмалары монитордон берилип турду. Аягында ар бир топ үй тапшырма катары берилген эпостун негизинде тартып келген сүрөттөрдү коргоп түшүндүрмө беришти. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Негизгиси- студенттерибиз дагы бир жолу “Манас” ааламына сүңгүп киришип, өздөрүнүн билимдерин сынашты.

  • “БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
  • “БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
  • “БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
  • “БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ
  • “БИЛЕРМАН-ОРДО” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ