AVN







КОНФУЦИЙДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ

КОНФУЦИЙДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ
 Dec 8, 2022  235

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда үч – Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясында, Чаткал районуна караштуу Т.Жаналиева орто мектебинде, ЖАМУнун медицина факультетинде жаңы окуу пунктулары ачылды. Аталган окуу мекемелеринде кытай тили боюнча курстардын ачылышы ошол жерде билим алып жаткан окуучулардын, студенттердин  кытай тилин окууга болгон каалоолоруна негизделди. Конфуций институтунун жетекчилиги мындай зарылдыкты эске алып, тиешелүү тараптар менен мыйзам чегинде келишимдерди түзүп, тил үйрөнүүгө атайын  шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере тургандыгын айтышты.

Бүгүнкү күндө Кытайдан келген окутуучулар окутуу иштерин колго алышты. Аларга алдыңкы усулдар, адыңкы тажрыйбалар менен кытай тилин, кытай маданиятын – ыр-бийлерин, этнографиясын, ушу, ашканасын ж.б. үйрөтүү талабы коюлган.

Институт жергиликтүү окуу мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта, ынтымак-досчулукта биргелешип иш алып барууну негизги милдеттерден деп эсептейт жана бул багытта тынымсыз аракеттерди көрөт.  

  • КОНФУЦИЙДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ
  • КОНФУЦИЙДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ
  • КОНФУЦИЙДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ
  • КОНФУЦИЙДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ