AVN







КЕСИПТИК БИРЛИКТИН ИШИНДЕ ЖАШТАРДЫН ОРДУ

КЕСИПТИК БИРЛИКТИН ИШИНДЕ ЖАШТАРДЫН ОРДУ
 Dec 8, 2022  246

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин жаштар кеңешинин уюштуруусу менен   “Кесиптик бирликтин ишинде жаштардын орду” деген аталышта   облустук семинар болуп өттү.

 Семинар тармактык профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин   иш тажрыйбасын үйрөнүү жана жайылтуу максатында шаардагы №6 жалпы билим берүүчү мектептин базасында  уюштурулуп, ага тармактык профсоюздун Жалал-Абад областык комитетинин жаштар  кеңшинин төрагасы З.Сулайманов, обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров, областагы бардык райшааркомдордун, жогорку жана орто окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин жаштар кеңешинин жетекчилери катышты.

Семинардын программасынын мазмуну мезгил талабына туура келген актуалдуу материалдарды камтыгандыгы катышуучулардын көңүлүн буруп, кызыктуу өттү. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комититетинин  жаштар кеңешинин жетекчиси, профессор Ш.Ниязалиев атындагы ”Философия” кафедрасынын окутуучусу Адилет Усенов, семинарда университеттеги студент-жаштардын кесиптик бирлик бюросунун профсоюздук кыймылга жаштарды тартуу боюнча профсоюздук ийримдин иш аракеттери, өткөргөн укуктук сабактары боюнча  баяндап, катышуучулардын суроолоруна жооп берип, укуктук сабаттуулук боюнча  профсоюздук окуулардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү менен өз тажрыйбаңдын баюусуна шарт түзүлөөрүнө ынануу менен семинар жыйынтыкталды”- дейт Адилет Усенов.

  • КЕСИПТИК БИРЛИКТИН ИШИНДЕ ЖАШТАРДЫН ОРДУ
  • КЕСИПТИК БИРЛИКТИН ИШИНДЕ ЖАШТАРДЫН ОРДУ
  • КЕСИПТИК БИРЛИКТИН ИШИНДЕ ЖАШТАРДЫН ОРДУ