AVN







ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ

ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
 Dec 8, 2022  213

2022-жылдын 1-3-декабрь күндөрү “Дин антропологиясы” аталышындагы эл аралык симпозиум Бишкек шаарында болуп өттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан уюштурулуп, Россия, Турция, Калмыкия, Белорусия, Украина жана Кыргызыстандын ЖОЖдорунан окумуштуулар катышты

Батыш чыгыш таануучуларынын эмгектериндеги эпикалык жомоктордогу диндин орду, “Манас” баатырдык эпосундагы диний мотивдердин чагылдырылышы, “Манас” эпосунда Алла Тааланын сыпаттары жана башка ушул багыттагы тематикаларда кызуу талкуулар болду.

Аталган симпозиумга мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ф.и.д. К.Калчекеев жана илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Д.Чокоева илимий макала менен катышып келишти.

Кубанычбек Бекболотович – “Манас” эпосунун варианттарындагы конфликттин кульминациялык чеги, Дилбар Маматкуловна – Санарип доорундагы манасчылык, төкмөчүлүк искусствосунун актуалдуулуктары аталышындагы илимй баяндамалар менен катышышты.

  • ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
  • ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
  • ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
  • ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
  • ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ
  • ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ