AVN







ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР БОЮНЧА ОМОКТУУ ОЙЛОР

ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР БОЮНЧА ОМОКТУУ ОЙЛОР
 Mar 16, 2018  892

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 15-март күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун колледжинин окутуучулары тажрыйбаларын бөлүшүү максатында конокто болду. Анда ЖАКтын педагогика бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан даярдалып жаткан окуу-усулдук комплекстер боюнча келген конокторго көрсөтүлүп, пикир алмашуу орун алды. Мындай маалыматты аталган бөлүмдүн башчысы Кенже Салибаева кабарлады.

Маалыматта ОГПИнин колледжинин педагогика, психология, кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучулары Айнур Таабалдиева, Салтанат Мадалиева, Айнура Мамырова  келген. Аларга окуу-усулдук комплекстер боюнча бөлүм башчы К.Салибаева, кыргыз тили, адабияты окутуучусу Ү.Кайкиева, педагогика окутуучусу С.Тобокелова, Н.Маматкуловалар маалыматтарды беришти жана окутуунун инновациялык усулдары боюнча ой бөлүшүштү. Жыйындын соңунда эки колледждин окутуучулар жамааты мындан кийин да тыгыз байланышта иш алып барууну пландаштырышканы айтылган.

  • ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКСТЕР БОЮНЧА ОМОКТУУ ОЙЛОР