AVN







ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ

ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
 Dec 7, 2022  265

Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан Эрасмус+ жана академиялык мобилдүүлүк программалары жөнүндө 5 факультеттин декандарына, координаторлоруна, кафедра башчыларына жана студенттерге маалымат берилди. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Жыйында Эрасмус+ программасы аркылуу долбоорлордун түрлөрү, кантип жазуу, кантип катышуу жолдору, магистратурага кантип тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана окутуучулар, аспиранттар ошондой эле административдик совет кантип катышса болоорун тушундуруп беришти.  Ошону менен катар Академиялык мобилдүүлүк программасын түшүндүрүшүп, жазгы семестрге документтерди кабыл алуу башталгандыгын кошумчалап кетишти. Иш чара окутуучулардын, студенттердин кызыктуу суроо жооптору менен уланды.

Мындан сырткары 1-декабрь бөлүмдүн адиси А.Ырысмаматова Жалал-Абад колледжинин окутуучуларына жана студенттерине программалар боюнча түшүндүрүү ишин жургузуп келди.

Эскерте кетчү нерсе Эрасмус+ программасына долбоор жазууну каалагандар долбоор кабыл алуу 10-фавралга чейин уланат.

Академиялык мобилдүүлүк программасына жазгы семестрге катышуу студенттер үчүн 10-январга чейин документтер кабыл алынат.

  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ
  • ЭРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНА ДОЛБООР ЖАЗУУ