AVN







МАТЕМАТИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ

МАТЕМАТИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
 Dec 7, 2022  358

2022-2023-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары ачык сабактарды өтө башташты.

         Ачык сабактардын графигине ылайык, 2022-жылдын 22-ноябрында кафедранын окутуучусу Нурматова Майрамгул Нарбековна М-1-20 тайпасына “Цилиндрдин жана конустун беттеринин аянттарын окутуу методикасы” темасында ачык сабак өттү.

         Окутуучу окутуунун активдүү методдорун, калыптандыруучу баалоонун техникаларын, ПСМТ, аргументтештирилген эссе, кичи тест баалоо каражаттарын колдонуу менен топтук чыгармачылык иштери уюштурулуп студенттердин ишмердүүлүгүн активдештире алды.

         Ачык сабак кафедранын окутуучуларынын сабактарына өз ара сабакка катышуу жана байкоо жүргүзүүлөрү үчүн атайын иштелип чыккан байкоо жүргүзүү формасы аркылуу бааланды. Ачык сабакка кафедранын окутуучулары катышышты, кайтарым байланыш беришти: колдонулган методдор, аткарылган иш-аракеттер студенттердин кесипке багытталышына, кесиптик компетенцияларын калыптандырууга, окутуунун методикасына багытталгандыгын катышкан окутуучулар баса белгилешти. 

  • МАТЕМАТИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
  • МАТЕМАТИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
  • МАТЕМАТИКТЕРДЕ АЧЫК САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ