ТАБИГЫЙ- ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ IX АЙМАКТЫК СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫП КЕЛИШТИ
Dec 6, 2022 490
ОшМУда өткөрүлгөн "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аталышындагы IX Аймактык студенттик илимий конференцияда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин табигый- илимий билим берүү кафедрасынын студенттери “Табигый жана техника илимдери” секциясына катышышты. Анда Г-1-20 тайпасынын студенти Коконова Айгерим 2-орунду, Х-1-20 тайпасынын студенти Рахманкулов Айбек 3-орунду ээлешти. Илимий жетекчилери: а-ч.и.к.,доцент Б.Ж.Жээнбекова, окутуучу А.О.Болотбеков. Студенттерди жана жетекчилерин ийгиликтери менен куттуктайбыз!
Илимий конференциясынын жүрүшүндө 17 секция иш алып барып, 400гө жакын баяндамалар окулду.