AVN







IT ТАРМАГЫНЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ОРДУ

IT ТАРМАГЫНЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ОРДУ
 Dec 2, 2022  330

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында ЖАМУнун 100 жылдыгына карата 100 иш чара алкагында “IT тармагынын бүгүнкү күндөгү орду” аталышта окутуучулар жана студенттер менен тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун максаты студенттердидагы да болсо IT тармагындагы түрдүү программаларды өздөштүрүүсүнө кызыктыруу, ар бир студент “Бизнес инкубатор”жөнүндө кенен маалымат алышып талкуу кызуу жүрдү. Жолугушууда БАС кафедрасынын башчысы  С.М.Ажыкулов-"Кафедранын бүгүнкү жана эртеңки кадамдары",“Бизнес инкубатор”, “Startup” жөнүндө токтолуп, студенттерге окуп жатып,  паралель акча тапса  болоорун айтып өттү.Ага окутуучусу Ы.Батырова  - "Бүтүрүүчүлөр менен ЖОЖдун кызматташуу жолдору",  окутуучусу Н.Нарматова- "Иш берүүчүлөр менен ЖОЖдун байланышы жөнүндө" деген темада докладдарын окуп беришти.

Тегерек столго DevX курсунун катышуучулары Кимсанов Нурболот, Сыргабаева Диана ж.б. катышышып, IT тармагын өздөштүрүү менен кандай бийиктиктерге жетсе болоорун, IT тармагында программисттер үчүн кандай мүмкүнчүктөр бар экенин, анын өлкөбүз үчүн пайдасын, киреше булактары тууралуу, өздөрүүнүн ой пикирлерин айтышты

      БАС кафедрасынын ИЭТ-1-20 тайпасынын студенти Усенов Бекназар – 3D модельдөө Cinema 4D профессиалдык программалар, графика, анимация тууралуу кенен токтолду. Жасаган проекттерин интерактивдүү панельдин жардамында студенттерге тааныштырды.

Мындан сырткары ИЭТ-1-19 тайпасынын студентти Касымова Аксана өзү түзүп  жаткан “Мобилография” аталыштагы сайт тууралуу презентация жасады. ИЭТ-1-20 тайпасынан Кубатбеков Элдияр -“IT дүйнөсү”, Абдуллаев Эрлан -“Маалымат технологиясы” , ИЭТ-1-22 тайпасынын студенти Арзибекова Асия “IT тармагынын бүгүнкү күндөгү орду” деген темада докладдарын окушуп, презентацияларын тартуулашты. Талкуу өтө кызыктуу өттү.

Жыйынтыгында БАС кафедрасынын башчысы, доцент С.М.Ажыкулов студенттердин окууларына ийгилик каалап, убакытты туура бөлүштүрүүнү, азыркы кундө ылдамдык менен өсүп өнүгүп жаткан IT тармагын өздөштүрүп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып окуп жатып акча табуу бүгүнкү күндүн талабы экендигине токтолуп , сөзүн жыйынтыктады.

  • IT ТАРМАГЫНЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ОРДУ
  • IT ТАРМАГЫНЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ОРДУ