AVN







МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА

МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА
 Dec 2, 2022  338

 

“2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” жөнүндөгү улуттук программанын, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктын, ЖАМУнун 100 жылдык маарекесин утурлай “100 жылдыка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында жана 4-декабрь Манас күнүнө карата  КРнын илим жана техника багытындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРУИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Ардактуу профессору, залкар окумуштуу Кыдырбаева Раиса Заитовнанын 92жаш кутман курагына арналган  “Манас жана Р.З. Кыдырбаева” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция мамлекеттик тил, илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмдөрү тарабынан уюштурулду.

Конференцияга университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана манасчылар катышышты. Ошондой эле конференцияга Кожо Ахмед Яссавий атындагы Казак-Түрк калк аралык мамлекеттик университетинен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынан, КРУИАнын Манас, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнөн, Ош мамлекеттик университетинен жана Талас мамлекеттик университетинен өкүлдөр онлайн түрүндө катышышты.

Конференцияда Раиса Кыдырбаеванын эмгек жолу,манастаануу илиминдеги орду, академиялык мектеби жөнүндө жана “Манас” эпосунун жарыяланышы, эпосту жазып алуу, изилдөө тарыхы боюнча илимий баяндамалар окулду.

  • МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА
  • МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА
  • МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА
  • МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА
  • МАНАС ЖАНА Р.З. КЫДЫРБАЕВА