AVN







СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ

СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
 Mar 16, 2018  825

     ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин  “Мектепке чейинки жана технологиялык билим берүү” бөлүмүндө  14-15- март күндөрү  «Мектепке чейинки билим берүү » жана  «Дене тарбия»  адистиктеринин  1-2-курстарынын студенттеринин  ата-энелерине  чогулуш болуп өттү.  Маалыматты аталган бөлүмдүн башчысынын тарбия иштери боюнча орун басары Айнура Бостонова берди.

   Жыйналыш “Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн башчысы Динара Талипованын жетекчилиги астында өткөрүлүп, күн тартибине төрт маселе коюлган, 2017-2018-окуу жылына  ата-энелер комитетин шайлоо, студенттердин жүрүм туруму, аккредациядан  өтүү боюнча түшүнүк берүү жана төртүнчү маселе болуп ар түрдүү маселелер коюлган. Жыйында жогорудагы маселелер каралып, талкуу жүрдү.

    Окуу жайдын абалы менен таанышкан ата-энелер, видеокөзөмөлдөр коюлганын көрүп, ыраазычылыктарын билдирди. Ар бир студенттин баскан-турганы, окууга катышуусу  көзөмөлдөнүп, алардын терс жолдорго түшпөөсүнө жардам берээрин  айтышты.

     Ал эми окууда алдынкы студенттердин ата-энелерине “Ыраазычылык баракчалары” тапшырылды. Белгилей кетсек аталаган адистиктетерде жалпы 123 студент билим алса, чогулушка  60дан ашуун ата-эне келип катышты – деп билдирди А. Бостонова.

  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ
  • СТУДЕНТТЕР АР ДАЙЫМ КӨЗӨМӨЛДӨ