AVN







ИММУНИТЕТИНИН АЛСЫЗДАНЫШЫСПИДДИН ЭҢ НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ

ИММУНИТЕТИНИН АЛСЫЗДАНЫШЫСПИДДИН ЭҢ НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ
 Dec 2, 2022  365

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университенин экономикалык-юридикалык факультетинин БЭк-1-21 тайпасы Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү. Ага экономиалык-юридикалык факультетинин жамааты күбө болушту.

Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо бул иш-чараны уюштурулганын экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын улук окутуучусу, куратор Мусакулов Нурбек билдирди.

БЭк-1-21 тайпасынын студенттери атайын программанын негизинде СПИД боюнча баяндамаларды жасашып, ооруга чалдыккан адамды даарылоо эрежелерин, оору кандай жол менен кантип жугаары туурасында түшүндүрүп кетишти.

СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун - кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан.

СПИДдин эң негизги белгиси болуп - адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн, башкача айтканда иммунитетинин алсызданышы, бузулушу болуп эсептелет.

  • ИММУНИТЕТИНИН АЛСЫЗДАНЫШЫСПИДДИН ЭҢ НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ
  • ИММУНИТЕТИНИН АЛСЫЗДАНЫШЫСПИДДИН ЭҢ НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ
  • ИММУНИТЕТИНИН АЛСЫЗДАНЫШЫСПИДДИН ЭҢ НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ
  • ИММУНИТЕТИНИН АЛСЫЗДАНЫШЫСПИДДИН ЭҢ НЕГИЗГИ БЕЛГИСИ