AVN







СОТ ПРИСТАВДАР КЫЗМАТЫ

СОТ ПРИСТАВДАР КЫЗМАТЫ
 Dec 1, 2022  280

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине “Сот приставдар кызматы” ошондой эле Сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү темасында лекция өтүштү.

Лекцияга Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башкы адиси Абдурасул Мамытбек уулу, Нурлан Каракулов жана 2-3-курсунун “Юриспруденция” багытындагы студенттери катышышты.

А.Мамытбек уулу лекцияны ачып, сот приставдар кызматынын түзүлгөндүгү жана ишмердүүлүгү ошондой эле жумушка кабыл алуу боюнча ачык конкурс жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Студенттер тарабынан Сот приставдар кызматына жана Сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү тууралуу суроолор берилип, лекция суроо-жооп форматында уланды.

Лекцияны жыйынтыктап жатып лекторлорго окуу жайдын жетекчилигине жана студенттерге ыраазычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди каалашты.

  • СОТ ПРИСТАВДАР КЫЗМАТЫ
  • СОТ ПРИСТАВДАР КЫЗМАТЫ
  • СОТ ПРИСТАВДАР КЫЗМАТЫ