AVN







КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Nov 29, 2022  268

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин550200 физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин М-1-19 тайпасынын студенттериокуу процессинин графигине ылайык 2022-жылдын 7-ноябрынан 10-декабрына чейин кесиптик-профилдик практикага өтөө үчүн Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы мектептерге жайгаштырылган.

Практика башталган күндөн тартып 2 жума өткөн соң, студент-практиканттар жогорку математика жана МОТ кафедрасына 19.11.22 күнү саат 9:00го рефлексиялык конференцияга чакырылышты.

Рефлексиялык конференцияны кафедранын окутуучусу Нурматова Майрамгул алып барды, конференцияга практиканттардын, жетекчиликтин, методисттердин чогулушунун максатын, иштөө тартибин айтуу менен  баштады..

Рефлексиялык конференциянын максаты –практиканттардын практика мезгилинде кездешкен көйгөйлөрүн угуу, талкуулоо, чечим чыгаруу, практиканттардын практика мезгилинде аткарып жаткан иш-аракеттерин чагылдырган иш кагаздарын талкуулоо, иштерди оңдоп түзөө максатында иш-чараларды пландоо.

Конференцияга карьераны уюштуруу жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нурия Султановна да катышып, рефлексиялык конференциянын болочок адистин адис катары калыптанышына өзгөчө зор таасири бар экендиги айтып, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Практиканттар бөлүнгөн класстары боюнча топторго бөлүнүштү. Ар бир топ практиканын алгачкы 2 жумасында кездешкен көйгөйлөрүн, тагыраак айтканда окуу, усулдук, тарбиялык, изилдөө иштерине байланыштуу көйгөйлөрүн талкуулашып, суроолорду жазууга убакыт берилди. Алар өз ойлорун топтоп алгандан кийин ар бир топ презентация жасашып, суроолор ордунда кызуу талкууга алынып чечилди. Кайрадан бул көйгөйлөр практиканын кийинки жумаларда канчалык деңгээлде өзгөрөөрү жыйынтыктоочу конференцияда каралаары практиканттарга айтылды.

Студент-практиканттардын суроо-талаптарына ылайык методикалык иштерге семинар өткөрүү – конференциянын уландысы жана көйгөйлөрдүн чечилиши экендиги макулдашылды.

  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ