КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫ ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИН АТКАРУУСУНДА
Nov 28, 2022 491
ЖАМУнун чет элдик студенттери «Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда" аттуу эл аралык фестивалга катышышты. Бул тууралуу медицина факультетинин денинин орун басары Гулбарчын Каленбекова билдирди.
Аталган фестиваль Ош шаарындагы кыргыз драма театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын 33 жылдыгына карата КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган. Фестивалга өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын чет өлкөлүк студенттери катышты. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абал мамлекеттик университетинин студенттери да катышып, байгелүү 2-орунга татыктуу болушту. Топту медицина факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Каленбекова Гүлбарчын жана көркөм жетекчи Шайымкулов Ырысбайлар жетектеп барышты. Фестиваль жогорку деңгээлде уюштурулду.