AVN







ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ

ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ
 Mar 15, 2018  886

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин  “Финансы жана кредит” кафедрасынын  3 жана 4-курстары үчүн 14-март күнү практика алдындагы конференция өткөрүлдү.  Бул туурасында жогорудагы кафедранын башчысы Азиза Карбекова билдирди.

Анын билдирүүсүндө конференцияга ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Куваков, профессрдук-окутуучулук курам катышып, студенттерге практика өтүү боюнча кеңири, пайдалуу маалыматтар берилгени айтылат.

Ал кошумчалагандай студенттер практикасын шаардык социалдык фонд башкармалыгында, финансы-кредиттик мекемелерде, бюджеттик эмес фонддордо, облустук статистика башкармалыгында, шаардык салык кызматы башкармалыгында, банктарда жана эсептөө палатасынын Түштүк аймактык башкармалыгында өтөшөт. Жогорудагы ишканалар менен университеттин ортосунда атайын келишим түзүлгөн. Жаш адистер теориялык алган билимдерин практикалык түрдө өздөштүрүүгө шарт түзүлөт – дейт кафедра башчысы.

Ал эми Финансы кредит – 1-14 тайпасында 14 студент билим алса, Финансы кредит – 1-15 тайпасында 13 студент билим алат.