AVN







ЖАМУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЖАКТАГЫ САБАКТАР

ЖАМУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЖАКТАГЫ САБАКТАР
 Nov 28, 2022  323

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 100 жылдыгына арналган  Жалал-Абад колледжинде көрсөтмөлүү сабактар жүрүп жатат. Көрсөтмөлүү сабактарды колледждин  педагогикалык тажрыйбасы бай, методикалык патенциалы жогору , креативдүү окутуучулар өтүп жатышат деп билдирди колледждин методикалык иштер боюнча инспектору А.А.Сопукулова.

Анын айтуусу боюнча ЖАМУнун 100 жылдыгына арналган бул иш чара окуу жылдын башында пландаштырылып , ЖАКтын директору тарабынан бекитилген. Пландалган график боюнча 14-ноябрдан 26-ноябрга чейин “Табигый илимдер” ПЦКсы көрсөтмөлүү сабактарды өтүштү. Иш чаранын максаты: педагогикалык чеберчилиги мол , окутуу методикасы жогору окутуучулардын тажрыйбалары менен бөлүшүү жана жайылтуу менен окуу жайдын окутуу сапатын дагы да жогорулатуу жана компетенттүү адистерди чыгаруу.

Бекитилген график  боюнча ЖАМУнун 100 жылдыгына арналган көрсөтмөлүү сабактарды өтүү кезеги “ӨККжана АТТТжО”  менен “ Тигүү буюмдарын конструкциялоо” ПЦКларында 21-ноябрдан 2-декбрга чейин болот деп билдирди ЖАКтын адиси.

  • ЖАМУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЖАКТАГЫ САБАКТАР