AVN







ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
 Nov 25, 2022  467

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда "Жаратылышты өнүктүрүү фондунун" каржылык колдоосу менен «Жаш жарандарды өнүктүрүү» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Экостудия жана Стартапкана – жаштардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга инновациялык ыкма» долбоорунун алкагында экологиялык демилгени ишке ашыруу үчүн 8000 сом өлчөмүндөгү кичи гранттарды утуп алган стартаптардын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды.             

           Иш чаранын жүрүшүндө окуу жайдын илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, техн.и.к., доцент С.Ж.Куваков жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен бирге, келечегибиз болгон жаштардан мыкты идеяларды күтөбүз жана биз ага толук ишенебиз.Кичи гранттарды утуп алган стартаптардын жеңүүчүлөрүнүнокууларына жана иштерине ийгилик, ошону менен бирге студенттерибиз тарабынан өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө, кошумча жумуш орундарды түзүүгө, экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүүгө жана экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө болгон көптөгөн долбоорлор ишке ашырылсын - деген каалоолорун айтып өттү.                                                                                  

  «Экостудия жана Стартапкана долбоорунун ассистенти М.Мамадалиева долбоордун максаты: жашыл экономика модели, үй чарбасында ресурстарды кайра иштетүү аркылуу жаратылышка терс таасирин азайтуу ошондой эле Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жаштарды тартуу менен экологиялык стартаптарды ишке ашыруу аркылуу калктын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат деген маалымат берди.                       

Бизге маалым болгондой өздөрүнүн стартап долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жаштары тарабынанжалпы 200дөн ашуун өтүнмөлөр толтурулуп, 40 стартап идея тандалып алынган. Анын ичинен Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 12 студенти жана 1 бүтүрүүчүсүэң мыкты идеялардын ээлери катары белгиленип, ар бири 8000 сом өлчөмүндөгү кичи грант утуп алгандыгын тастыктоочу сертификаттарга ээ болушту - деп билдирди борбордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов.                                     

  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • ЖАШ ЖАРАНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ