AVN







МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС

МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС
 Nov 24, 2022  313

Бишкек шаарында "Мага баары бир эмес" деген ураандын алкагында V жарандар форуму болуп өттү. Ачык эркин баарлашууга багытталган форумга республикадагы белгилүү жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер, саясатчылар, эксперттер, укук коргоочулар, журналисттер жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окутуучусу Адилет Усенов, андан сырткары АКШдан атайын чакырылган коомдук жашоо эмгек институтунун коомдук кызмат философиясы боюнча башкы илимий кызматкери Харри Бойт катышышты.

Жарандык коомдун алдында турган көйгөйлөрдү, чакырыктарды, алдыга жылуу жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алуу боюнча бүгүнкү күндөгү жарандуулук, жарандуулук билими, мамлекет менен жарандардын мамилеси, адам укугу жана эркиндигинин мааниси, коомдогу окуяларга кайдыгерликтин кесепеттери сыяктуу маселелер талкууга алынды.

Форум диалог түзүүгө, бирин-бири угууга, альтернативалык идеаяларды талкуулоого, ошону менен бирге коомдун алдында турган ар кандай чакырыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн маани-маңызын, табиятын түшүнүүгө багытталды. Жыйынтыгында, аталган жаш жарандардын республикалык V форумунда кандай коом жана кандай өлкө курулуп жатканы, бул үчүн жарандардын өздөрүнүн жекече жоопкерчилиги сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча резолюция кабыл алынып, "Жаран" сыйлыгы тапшырылды.

  • МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС
  • МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС
  • МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС
  • МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС
  • МАГА БААРЫ БИР ЭМЕС