AVN







ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КЕЧЕ

ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КЕЧЕ
 Nov 22, 2022  274

Илим  жана студенттердин Эл аралык  күнүнө карата Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин физика жана информатика кафедрасынын "Жаш физик" ийрими уюштурган  физика-информатикалык кече болуп өттү. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Нургул Осмонова билдирди.

Анын айтымында кеченин жүрүшүндө илим күнүнө карата  баяндамалар окулган. Ошондой эле уУлуу физик-окумуштуулардын турмушунан  алынган кызыктуу окуялар чагылдырылып, акыйнектер айтылды, тажрыйбалар коюлду, кызыктуу викториналык суроолор берилди. Студенттер сценкаларды аткарышып көрүүчүлөрдүн купулуна толо алышты – дейт ал.

Андан сырткары  студенттер күнүнө арналган ыр, бийлери менен кечени шаңга бөлөшкөн. Кеченин жыйынтыгында майрамдык иш-чаранын активдүү катышкан студенттерине дипломдор ыйгарылып .  китептер белекке берилген.

  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КЕЧЕ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КЕЧЕ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КЕЧЕ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КЕЧЕ