AVN







КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – КЕЛЕЧЕКТИН ЧОҢ ӨБӨЛГӨСҮ

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – КЕЛЕЧЕКТИН ЧОҢ ӨБӨЛГӨСҮ
 Mar 15, 2018  1158

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин «Финансы жана кредит» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы 14-март күнү  Жалал-Абад колледжинин «Салык жана салык салуу», «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиктеринин бүтүрүүчү тайпалары менен жолугушту. Маалыматты аталган кафедранын башчысы, э.и.к, доцент Азиза Карбекова кабарлады.

Үгүт ишине “Финансы жана кредит” кафедрасынын  ага окутуучусу Айнагул  Мамыралиева, окутуучу Нурбек Мусакуловдор барды. Ал эми бул иш-чаранын максаты жаштарды кесипке багыттоо. Кесипти туура тандоо - бул жаштардын келечеги үчүн эң чооң өбөлгө! Андыктан келечегибиздин ээлерине туура жолду көргөзүп, кесипти туура тандоосуна кеңеш берүү биздин бирден-бир милдетибиз дейт А. Карбекова.

Алдыда дагы мындай жолугушууларды уюштуруп, 2018-2019-окуу жылында кабыл алынуучу абитуриенттерге өзүбүздүн кафедра тууралуу, окуу жайдын заманбап окуу системасы боюнча маалыматтарды беребиз. Мындай аракеттин артында университеттин студенттеринин санын арбытуу турат. Ал эми жогорудагы эки адистикти жалпы 40дан ашуун студент аяктап жатат – деп кошумлады ал.

  • КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – КЕЛЕЧЕКТИН ЧОҢ ӨБӨЛГӨСҮ
  • КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – КЕЛЕЧЕКТИН ЧОҢ ӨБӨЛГӨСҮ