AVN







ЖОЖДОР АРАЛЫК ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ УЛАНТЫЛУУДА...

ЖОЖДОР АРАЛЫК ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ УЛАНТЫЛУУДА...
 Nov 22, 2022  246

Академиялык мобилдүүлүк- ЖОЖдор аралык тышкы жана ички өнөктөштүк  байланыштарды жакшыртып, студенттерди жаңы окуу чөйрөсүнө аралаштырып, сабакка болгон атаандаштыктарды күчөтүп, коомчулук менен тил табышууга үйрөтүп, достук көпүрөсү болуу менен билимдүү жана бирдиктүү жаштарды тарбиялоодо өзүнүн үзүрлүү салымын кошуп келе жатат.

 Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын 1-2-3-курсунун 18 студенти Тюмень индустриалдык университетинин лектору, ф.и.к.Никулина Надежда Александровнанын "Русской характер в мировой литературе"аталыштагы лекцияга онлайн форматта катышышты. Лекцияда  орус элинин мүнөзү, алар тууралуу калыптанган туура эмес стереотиптер жөнүндө, ошондой эле батыш эл жазуучуларынын орус элине болгон көз карашы менен жазылган чыгармалары тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле филология илимдеринин кандидаты Дюпина Юлия Владимировнанын “Трудности русского языка для иностранных граждан” деген темадагы лекциясын да онлайн форматта угушту. Лектор чет элдик жарандардын орус тилин үйрөнүүдөгү кыйынчылыктарды инновациялык  методдордун, жаңы технологиялардын коштоосунда көрсөтмөлүү каражаттарды колдонуу менен жеткиликтүү  түшүндүрүп берди. Студенттер алган маалыматтарын бышыктоо максатында ар түрдүү тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү  аткарышты. Лекциянын аягында лекторлор менен студенттердин рефлексиялык байланышы болду. Студенттерге лекциялар абдан жагып, лекторлорго ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалашты.

 Тюмень индустриалдык университеттин жетекчилиги студенттердин активдүүлүгүн баалап, сертификаттарды ыйгарды.

  • ЖОЖДОР АРАЛЫК ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ УЛАНТЫЛУУДА...
  • ЖОЖДОР АРАЛЫК ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ УЛАНТЫЛУУДА...
  • ЖОЖДОР АРАЛЫК ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ УЛАНТЫЛУУДА...