AVN







ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР

ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР
 Nov 21, 2022  332

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинде кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү жөнүндө жаңычыл форматтагы семинар болуп өттү.

Семинарга университеттин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы М.Маткаримова, факультет, колледждердеги баштапкы кесиптик бирликтин жетекчилери жана студенттер катышты.

     Семинардын уюштуруучусу медициналык колледждин кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Алимбаева Гульбара катышуучулар менен биргеликте кесиптик бирлик жөнүндө баарлашуу жүргүздү.

    Ошондой эле профсоюздук ийрим жана анын ролу жөнүндө жаштар иштери боюнча жетекчи Усенов Адилет баяндама жасады.

    Ал эми Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик уюмунун төрайымы М.Маткаримова кесиптик бирлик уюмунун 5 жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

    Семинардын максаты - жаштарды активдештирүү жана профсоюз уюму жөнүндө маалымат берүү болду. Жыйынтыгында медициналык колледждин студенттери практика жүзүндө профсоюз уюмдары, алардын ишмердүүлүгү, максаты, милдети жөнүндө кеңири маалымат алышты.

  • ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР
  • ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР
  • ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР
  • ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР
  • ЖАҢЫЧЫЛ ФОРМАТТАГЫ СЕМИНАР