AVN







ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАР КООМДУН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН ШАРТТАРЫ

ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАР КООМДУН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН ШАРТТАРЫ
 Nov 21, 2022  378

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окуутучулук курамы Кыргызстандын Түштүк философиялык коому, Ереван мамлекеттик университетинин Ижеванский филиалы, Челябинск мамлекеттик университетинин Костанай филиалы,  Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университети,

Ош мамлекеттик университетинин бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан уюштурулган “Жарандык иденттүүлүк жана жалпы адамзаттык баалуулуктар коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн шарттары катары” деген аталыштагы студенттер, магистрлер жана изденүүчү- аспиранттар арасында уюштурулган илимий-изилдөө иштеринин сынагына  катышышты.

Сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 17-ноябрында чыгарылып, аспирант-изденүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштери боюнча сынакта кафедранын улук окутуучусу Кожоназарова Ырыскүл Мырзалиевна I орунду жеңип алып, биринчи даражадагы диплом, баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Сынак 17-ноябрь эл аралык философия күнүнө карата жыйынтыкталып, Кыргызстан менен жакынкы жана алыскы мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын философторунун илимий иш чарасы болуп калды. Аталган илимий иш-чарага  профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Философия илимдеринин доктору, ЖАМУнун профессору Токоева Гулдана Самидиновна  калыстар тобунун курамында иштеп, жаш илимпоздордун изилдөөлөрүн объективдүү баалоого катышып берди.

Урматтуу кесиптештер! Бардыгыңыздарды бүткүл дүйнөлүк философия күнү менен куттуктайбыз. Ал эми конкурста 1-орунду жеңип алган кесиптешибиз Кожоназарова Ырыскүл Мырзалиевнаны сыйлыгы менен куттуктайбыз!

  • ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАР КООМДУН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН ШАРТТАРЫ
  • ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАР КООМДУН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН ШАРТТАРЫ