AVN







КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК

КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК
 Nov 21, 2022  554

Студенттердин стартап долбоорлорун/бизнес идеяларын ишке ашырууга жана бизнес пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү максатында Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясынын аАйыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун (IFAD) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржы сабаттуулугу боюнча тренери А.Б.Карбекова тарабынан “Каржылык сабаттуулук” боюнча тренинг өткөрүлдү.

Каржылык сабаттуулук тренингинин жүрүшүндө программа боюнча         А сессиясы: Киришүү: Бюджет жана акча кыймылы финансылык пландоонун негизги аспаптары катары, В сессиясы: Бюджеттерди жана акча кыймылынын отчётун түзүү, С сессиясы: Карызбы же үнөмдөөбү? D сессиясы: Насыя: карызды эмнеге, кандай алуу керек жана көйгөйлөрдөн кантип алыс болуу керек, Е сессиясы: Үнөмдөөнүн ыкмалары. Банктык аманат кызмат көрсөтүүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү багытында иш алып барылды.Тренингге катышкан студенттер каржы тармагындагы өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, керектүү маалыматтар менен кабардар болушту. Соңунда активдүү катышкан стартап командалардын мүчөлөрүнө сертификаттар тапшырылды деп билдирди -борбордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов 

  • КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК
  • КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК
  • КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК
  • КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК
  • КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК
  • КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК