AVN







К.Ж. УСЕНОВ СТУДЕНТТЕРДИ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

К.Ж. УСЕНОВ СТУДЕНТТЕРДИ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
 Nov 17, 2022  299

Урматтуу Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы студенттери Сиздерди  Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайм!

Билимдүүгө дүйнө жарык – демекчи мектептен алган билимиңерди тереңдетип, илимге суугарылып, атайын адистикке ээ болуу менен өзүңөрдүн келечегиңерди түптөөдөсүңөр. Келечек жаштардын колунда, биздин окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы берген билимди колдонуп, алган кесибиңер менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын чыңдайсыңар деген ишеничтебиз. Сиздер кесипкөй адис, мыкты инсан болуп калыптанып, Кыргыз элине кызмат кылсаңар биз сыймыктанабыз.

Жаштар — элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи! Биз заманбап билимге эгедер, билимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз. Ылайым эртеңки күндүн ээси болгон жаштардан улуттун жол баштоочулары, лидерлери көп чыксын деп тилек кылабыз.

Адамзатынын жаш мезгинин эң кызыктуу, баа жеткис барктуу учуру студенттик курагы. Андыктан баалуу күнүңөрдү барктуу өткөрүп, биз сыймыктанган, окуу жайдын атын далайга тааныткан адис, илимпоз, мыкты инсан болуп чыккыла!

Сиздерди урматтоо менен ЖАМУнун ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович жана окуу жайдын эмгек жамааты.