AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Nov 17, 2022  384

ТИББ кафедрасынын кезектеги жыйынында кафедра башчысы х.и.к.доцент Н.Б. Арстанбекова профессордук-окутуучулар курамына табигый илимий билим берүү багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты (бакалавр, магистратура) менен тааныштырды, мурдагы стандартарттарды салыштыруу менен көптөгөн өзгөрүүлөрдү белгилеп, айтып өттү. Жаңы билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн негизги билим берүү программмасын талкуулоо менен иш берүүчүлөрдүн элективдик курстар боюнча ой пикирлерин жана тандоосун, сунуштарын эске алуу керектигин маалымдады.

Бул максатта Жалал- Абад шаарындагы Р. Санатбаев атындагы № 9 жана С. Давлетов атындагы № 14 инновациялык мектептеринде иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда иш берүүчүлөр “Жалпы Республикалык тестирлөөгө даярдоо”, “Генетика боюнча маселелерди чыгаруу”, “Визуалдык лаборатория” тандоо курстарын окуу планына киргизүү пикир, сунуштарын билдиришкендигин аталган кафедранын улук окутуучусу. А.С. Болотова билдирди.

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ