AVN







ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
 Mar 14, 2018  943

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономикалык билим берүү” кафедрасы 13-март күнү 2018-2019 окуу жылына карата студенттерди кабыл алуу иш-чарасын (профорентацияны) уюштурду. Ага  Жалал-Абад  колледжинин  “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит”,  “Салык жана салык салуу” адистиктеринин 2018-жылкы бүтүрүүчү студенттери катышышты. Мындай маалыматты “Экономикалык билим берүү” кафедрасынын башчысы Сабирали Сыдыков билдирди.

Иш-чарага Жалал-Абад колледжинин  “Бухгалтердик эсеп жана салык  салуу ” бөлүмүнүн башчысы Манзура Орозова ,окутуучу Гулбара Чекиргөзова жана  жогорудагы аталган эки адистиктин бүтүрүүчү 40дан ашуун студенттери  күбө болушту.

Аталаг иш-чаранын максаты  окуу жай жана өзүбүздүн кафедра боюнча маалыматтарды таратып, келерки жылга студенттерди чакыруу. Себеби, азыр элге канчалык көп маалыматтарды жеткирсек, маалыматка ээ болгон ата-энелер балдарын бизге окууга тапшыртат деп ойлойм. Университеттин заманбап билим берүү системага ээ болгонун журтка жеткирүү да биздин милдет. Ал эми колледждин бүтүрүүчү курстары билимин тереңдетүү үчүн жогорку окуу жайга тапшыруусу керектелет. Андыктан аларды өзүбүздүн окуу жайга тапшыруусун үгүттөдүк – дейт кафедра башчы.

Түшүндүрүү ишине “Экономикалык билим берүү” кафедрасынын башчысы Сабирали Сыдыков, профессордук-окутуучулар курамы Эмил Төлөнов, Бактыгүл Аширалиева, Мейманбү Акжолова, Дарыгүл Жолболдуева, Панарбек Абдыкадыров жана Мимоза Айылчиева катышышты.

  • ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ