AVN

ЖАМУНУН ДИПЛОМУ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТААНЫЛАТ

ЖАМУНУН ДИПЛОМУ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТААНЫЛАТ
 Nov 17, 2022  366

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Өзбекстан Республикасынан келип билим алып жаткан студенттер менен Өзбекстандан келген атайын делегациянын жолугушуусу болду. Бул тууралуу ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматта делегациянын курамын  Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын өкүлдөрү: Салохиддинхужа Суратходжаев – Төраганын маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси,  Акбаршох Комилов - Өзбекстандын чет өлкөлөрдө билим алып жаткан жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана Абдусамадов Бабурмирзо Баходир угли - Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү түзгөнү айтылат.

Ал эми жолугушууга делегация менен  Жалал-Абад облусундагы тышкы иштер министрлигинин өкүлү  Азамат  Кабаев жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери,  Жалал Абад ШИИБдин МУУ милицянын лейтенанты Акылбеков Бекжан, Жалал- Абад ШИИБдин БИИ милицянын капитаны Кадырова Самара  катышышкан.

Өзбекстандын чет өлкөлөрдө билим алып жаткан жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Акбаршох Комилов – “Биздин жарандардын басымдуу бөлүгү бул университеттен медицина адистиги боюнча билим алаарына күбө болдук. Буга чейин бир жыл окуп, кайрадан Өзбекстандагы окуу жайларга которулуп кетип жатышкан. Сиздер Эл аралык аккредидациядан өткөндүгүңүздөргө байланыштуу мындан кийин сиздерден алган дипломдор мамлекетибизде таанылып, эч кыйынчылыксыз иш менен камсыз боло алышат.  Андыктан жаштарга айтып кетем окууңарды өз өлкөңөргө которбостон, аягына чейин окуп, дипломго ээ болуп кеткиле” – деген оюн жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушуу студенттердин суроо-жооптору менен уланды. Эл аралык байланыштар бөлүмүнүнүн академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча адиси А.Ырысмаматова программа жөнүндө кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендиги жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Өзбекстан Республикасынын бир катар университетинде билим алса болоорун кошумчалады.

  • ЖАМУНУН ДИПЛОМУ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТААНЫЛАТ