Экономика, эсеп жана кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 жылдык юбилейине жана студенттердин күнүнө арналган илимий-практикалык конференция студенттер арасында уюштурулду. Конференцияда болочок экономисттердин макалаларына баа берилип, алардын келечекте Кыргызстандын экономикасын өркүндөтүүнүн жолдору, өндүрүштө инновациялык технологияларды колдонуу жана башка суроолор каралды.
Аны менен бирге тайпалар арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 жылдык юбилейине карата,экономика багытында “Эң мыкты макет” конкурсу кафедра башчы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов тарабынан уюштурулуп, байгелүү орундарга акчалай сыйлык жана тиешелүү дипломдор ыйгарылды.
Конференциянын жыйынтыгында алдынкы студенттерге дипломдар жана ата-энесине ыраазычылык каттар тапшыруу менен аяктады.