AVN







МАТЕМАТИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

МАТЕМАТИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
 Nov 16, 2022  259

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жогорку математика жана МОТ кафедрасында М-1-19 тайпасынын студенттерин кесиптик-профилдик практикага узатууга арналган конференция өткөрүлдү.

Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева, кафедра башчысы п.и.к. А.Ураимхалилова, кафедранын практика жетекчиси Ш.К.Биримкулов жана практика жетекчилери катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге кесиптик-профилдик практиканы өтөө максаты, милдеттери, ишти алып баруу тартиби айтылды, эң маанилүүсү практика мезгилинде иш-аракеттерди пландоо жана жүргүзүү үчүн практиканттын жол картасы менен тааныштырылды жана ал боюнча кандайча иш алып баруу түшүндүрүлдү.

Практиканттардын баалоо баракчасы тааныштырылды, ал боюнча жыйынтык баа алуу үчүн топтолуучу упайлар боюнча түшүндүрмө берилди, ал үчүн практиканын жүрүшүндө тиешелүү фото-отчеттор, көрсөтмө куралдар, илимий иштин үстүндө иштөө аракеттери өз учурунда жүргүзүлүшү керектигине студенттер ынанышты.

Студенттер буга чейин өтөп келишкен практикалардын тажрыйбасын, окуу жайдан алган теориялык билимдерине таянуу менен алдыдагы практиканы ийгиликтүү өтөп келишерин билдиришти.

  • МАТЕМАТИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
  • МАТЕМАТИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
  • МАТЕМАТИКТЕР КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮЛДҮ