Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын студенттери Берлин шаары бириккен Германиянын жарыяланган күнүнө карата кече өткөрдү. Бул тууралуу аталган кафедрадан маалымдашты.
Маалыматта 1990-жылы 3-октябрда Германия Федеративдик Республика жана Германия Демократиялык Республикасына биригип, Берлин шаары бириккен Германиянын жарыяланган күнүнө карата кече өткөрүлгөнү айтылат.
Кеченин максаты студенттерге Германия мамлекети тууралуу кененирээк маалымат берүү болгон. Анткени немец тилин үйрөнүп жаткан жаштар ошол өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана каада-салтын билүүсү абзел. Ошондой эле аталган адистиктин ДААД программасы менен академиялык мобилдүүлүктүн алкагында жана Ferienjob-22 менен Германияга барган студенттерГермания жөнүндө презентация жасашты – дейт Чырашкан Асылбекова.