AVN







КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ
 Nov 14, 2022  254

«Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу: чакырыктар жана чечимдер» деген аталыштагы аймактык семинары 2022-жылдын 1-2-ноябрь кундөрү Ош шаарында болуп өттү.

Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүү билим берүүнү киргизүү бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссарынын ортосундагы Кыргыз Республикасында көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында болуп өттү.

Аталган семинарга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен Мамлекттик тил жана тил саясаты проректору Доранова А. Д., Э. Уметов атындага Педагогика фокультетинин ага окутуучусу С.Осмоналиева, Жалал-Абад колледжинин окутуучусу М.Омуралиева, жана Кочкор-Ата колледжинин директору Б. Назарбаева катышып келишти.

  • КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ
  • КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ
  • КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ
  • КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ – ЗАМАН ТАЛАБЫ