AVN

МЕН ӨСТҮРГӨН ИЛИМПОЗДОР УНИВЕРСИТЕТТИ ӨНҮКТҮРҮП ЖАТКАНЫ ЧОҢ СЫЙМЫК

МЕН ӨСТҮРГӨН ИЛИМПОЗДОР УНИВЕРСИТЕТТИ ӨНҮКТҮРҮП ЖАТКАНЫ ЧОҢ СЫЙМЫК
 Nov 14, 2022  387

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата “Жогорку окуу жайлардагы илим изилдөөлөрдүн фундаменталдык жана колдонмо маанилүүлүгү” аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштурулду. Ага профессор, академик Камчыбек Кожогулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Окуу жай илимге өзгөчө маани берип, илимпоздорго колдоо көрсөткөнү ошол университеттин өнүгүүгө жол тартканы.  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим изилдеп, жактаган жаш илимпоздордун саны өскөнү байкалууда. Жаш кадрларга билим берүү менен чектелбей, илимге үндөп,  илимпоздукка тарбиялап жатасыңар. Ал эми иш сапардын алкагында бир катар окуу корпустарыңарга экускурсия жасап, техникалык базанардын абалы менен тааныштык. Ар бири оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдылып, билим алууга жакшы шарттар түзүлүптүр. Мени кубандырганы менин илимий жетекчилигим астында 2 илимдин доктору, 6-7 илимдин кандитады ушул окуу жайда эмгектенет. Мен силер менен сыймыктанам жана мен өстүргөн илимпоздор ушул университетти жетектеп, аны өнүктүрүп жатканы чоң сыймык” – деген оюн К.Ч. Кожогулов билдирди.

Ал эми конференциянын модератору, Курманбек Алыбаев “Камчыбек Кожогулов биздин ректор Кеңешбек Усеновдун, окуу иштери боюнча проректор Атабек Алибаевдин илимий жетекчиси. Ошондой эле бизде эмгектенип жаткан бир катар илимдин кандидаттарына жетекчи болгон. ЖАМУга кадр даярдоодо эмгегиниз чоң жана сизге жалпы жамаатыбыз менен ыраазычылык билдиребиз” – деди ал.

  • МЕН ӨСТҮРГӨН ИЛИМПОЗДОР УНИВЕРСИТЕТТИ ӨНҮКТҮРҮП ЖАТКАНЫ ЧОҢ СЫЙМЫК