БУЛЛИНГ ПРОБЛЕМАСЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК СЕМИНАР
Nov 14, 2022 391
Казак Республикасынын Чимкент шаарында жайгашкан Борбордук Азия инновациялык университетиндеги «Пути психолого-педагогической профилактики буллинга среди школьников и детей с особенными потребностями в общеобразовательной школе» аталышындагы уюштурулган эл аралык илимий-методикалык семинарга Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулук курамы катышты. Кафедра башчысынын м.а., п.и.д., профессор С.С.Сакиева, улук окутуучу А.К.Шишкараева он-лайн, педагогика илиминин кандидаттары Р.С.Нусупова, К.М.Ураимов офлайн форматта катышып, доклад жасашты. Илимий-методикалык семинарга Россия Федерациясынын, Белоруссиянын, Кыргызстандын, Казакстандын окумуштуулары доклад окушуп, буллинг проблемасынын учурдагы көйгөйлөрү, аларды жоюунун сунуштары кызуу талкууга алынды. Ошондой эле доценттер Р.С.Нусупова, К.М.Ураимовдор тарабынан студенттерге, магистранттарга конок-лекция окушту. Университеттин ректораты тарабынан ЖАМУнун ректоратына ыраазычылык билдирип, мындан ары кызматташууну улантуу менен ийигилк каалашты.