AVN

ИЛИМИЙ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИ ӨНДҮРҮШКӨ АЙКАЛЫШТЫРАЛЫ

ИЛИМИЙ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИ ӨНДҮРҮШКӨ АЙКАЛЫШТЫРАЛЫ
 Nov 14, 2022  248

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата “Жогорку окуу жайлардагы илим изилдөөлөрдүн фундаменталдык жана колдонмо маанилүүлүгү” аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштурулду. Ага окуу жайдын ректору,  профессордук-окутуучулук курам, УИАсынын кызматкерлери жана башка университеттердин профессорлору катышышты. 

Университеттин ректору Кеңешбек Усенов, конференциянын ийгиликтүү өтүшүн каалап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Мамлекетибиздеги ар бир жогорку окуу жай 4.0 моделине өтүүсү заман талабы. Эгерде 4.0 моделине өтпөй кала турган болсо ал университет өзүнөн өзү жоюлуп жок болот.  Ошондуктан биз дагы ЖАМУнун 4.0 моделине жеткирели деген аракеттин үстүндө жалпы жамаатыбыз менен аракеттенүүдөбүз.  Уга чейин балдарга билим беребиз деп тарбиялап келсек, бүгүнкү күндө илимге да тартуудабыз. Илимден чыккан инновацияларды  жаны ойлорду, жаны ачылыштарды практикалык колдонуп, илимий жетишкендиктерди өндүрүшкө айкалыштырып, ошол өндүрүштөн Кыргызстандын, облустун жана шаарыбыздын экономикасын өсүрө алабыз. Ошондуктан бүгүнкү конференциябыздын өтүшү чоң мааниге ээ. Андыктан конференциянын катышуучулары, урматтуу коноктор илим күнүнө арналган  аянтчасында түрдүү ой пикирлерди жаратып, талаш тартыштар болсун деп чогулдук. Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырам, ар  бирибиз өзүбүздүн окуу жайыбызда кандай ийгиликтер болуп жатканын, кайда бара жатканыбызды кантип кыргызстаныбыздын экономикасын өсүрөбүз деген ойлор айтылат деген чоң үмүттөмүн. Өзүмдүн атымдан, жалпы жамаатыбыздын атынан келген конокторго ыраазычылык билдирем” – деген оюн айтты К.Ж. Усенов.

  • ИЛИМИЙ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИ ӨНДҮРҮШКӨ АЙКАЛЫШТЫРАЛЫ