AVN







МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!

МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!
 Mar 14, 2018  1281

ЖАМУнун орус филологиясы кафедрасынын «Исток» ийрими 13-мартта «Мен, жашоону сүйɵм» аттууадабий-музыкалык кече уюштурушту.  Ал ийримдин мүчɵлɵрү филол.и.к., кафедра доц. Калыбекова З.С., окутуучуларСултанбаева Д.Т., Раманкулов Ш.М., Жолборсов У.О.  жетекчилиги астында  болгон. Бул тууралуу кафедра башчысы Айчүрөк Калмурзаева маалымдады.

Бул кеченин жүрүшүндɵ ийрим мүчɵлɵрү тема боюнча материалдарды, илимий тастыктамаларды таап, чогултушкан, аларды талдоого, салыштырууга, тема боюнча кɵз караштарын калыптандырууга жетишишкен. Кечени уюштуруу жана ɵткɵрүү учурунда ийрим мүчɵлɵрүнɵ орус тилде сүйлɵшүүгɵ жасалма чɵйрɵ түзүлүп, орусча сүйлɵшүү кɵндүмүн ɵркүндɵтүүгɵ шарт түзүлдү. ϴткɵрүлгɵн кече бир гана тема боюнча илимий элестетүүлɵрүн гана ɵркүндɵтүү менен чектелбестен, ошондой эле Мекенди коргоочуларга болгон сый-урматты, патриотизмди, жашоого болгон кызыгууну жана сүйүүнү ɵнүктүрүүгɵ шарт түздү.

Кечеге кононк катары филология  факультеттин деканы, филол. илим. канд., доц. Г.А. Орозбаева,  филол. илим. канд., доц.   Ы. Жолдошалиева катышып,  ушундай кызыктуу жана тереӊ маалымат камтыган кечеге ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми «Исток» ийрими ЖАМУда ɵтүп жаткан  «Мыкты ийрим» конкурсунун катышычуусу – деп кошумчалады А. Калмурзаева.

Ал кошумчалагандай аталган ийрим  2010-жылдан баштап иштеп келет. Уюштурулган күндɵн баштап бир нече конкурстарга катышып, алдынкы орундарды ээлеген. Анын негизги максаты тилдик эмес факультеттердин студенттеринин орус тил боюнча билимин терендетүү, ɵздɵрү тандап алган адистиктердеги кɵйгɵйлɵрдү чечүүдɵ тил компетенцияларын ɵнүктүрүү, орус тилде далилдɵɵчү базаларын жана аргументацияларды колдонуу менен орус тилинде дискуссия жүргүзүүгɵ үйрɵтүү, эне тили эмес тилдүү чɵйрɵнү ɵзүнүн эне тилиндей кабыл алууга максималдуу түрдɵ жакындатуу болуп эсептелет.  Мындай максатка жетүүүчүн ийрим тарабынан ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат жана ɵткɵрүлɵт. Алсак,  2015-2916 окуужылында ийрим  «Славяндар маданияты» майрамын,  2016-2017 окуужылында   «Гүлдɵр, гүлдɵр …» майрамын ɵткɵргɵн – деди кафедра башчысы.

  • МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!
  • МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!
  • МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!
  • МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!
  • МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!
  • МЕН ЖАШООНУ СҮЙӨМ!