AVN







ЖАМУ ФАНТАСТИКАЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ

ЖАМУ ФАНТАСТИКАЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ
 Nov 12, 2022  378

“ЖАМУ фантастикалык өнүгүүдө экен” – деген оюн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алгачкы ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Улан Биримкулов илимий конференцияда билдирди.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата “Жогорку окуу жайлардагы илим изилдөөлөрдүн фундаменталдык жана колдонмо маанилүүлүгү” аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштурулду. Ага профессор У.Н. Биримкулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Педагогикалык училище болуп 1923-жылы түптөлсө, 1993-жылы 2-апрелде ошол кездеги Президент Аскар Акаевдин Жарлыгы менен университет болуп ачылган. Эч кандай шарты жок учурда келип, иш баштаганбыз. Ал учурда биздин эн чон максатыбыз студенттердин санын өстүрүү болчу. Жыл өтүп, окуу жай өз ордун таап, өлкөдөгү алдынкы университеттердин катарында турат. Мындан 5 жыл илгери келенимден да чоң өзгөрүүлөр болгонуна күбө болуп кубанып турам. Бир сөз менен айтканда фантастикалык өнүгүү болуп, чоң секириктер жасалыптыр. Бардык факультеттер акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен, медициналык факультет болочок дарыгерлердин билим алуусуна блг болгон аркыркы жабдуулар менен камсыздалыптыр. Бул азыркы ректор Кеңешбек Жумабекович Усеновдун эмгеги деп билем. Билим берүү менен чектелбей, мыкты адистерди даярдап, илим жаатына да көңүл бурулуп жатканы окуу жайдын өнүккөнү – дейт У.Биримкулов.

  • ЖАМУ ФАНТАСТИКАЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ
  • ЖАМУ ФАНТАСТИКАЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ
  • ЖАМУ ФАНТАСТИКАЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ
  • ЖАМУ ФАНТАСТИКАЛЫК ӨНҮГҮҮДӨ