AVN







ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫНЧА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ

ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫНЧА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ
 Nov 11, 2022  260

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык – юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессор – окутуучулук курамынын жана бүтүрүүчү ФКк-1-19, БЭк-1-19 тайпасынын студенттеринин катышуусу менен тегерек стол өткөрүлүп, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана 1937-жылы репрессияга кабылган кыргыз интеллегенциясы тууралуу видео-роликтер көрсөтүлдү.

Иш – чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары Кыргызстанда 7-8- ноябрь күндөрү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» расмий түрдө белгиленишин, айтылышы бир сөз, бирок мааниси миң жылдарга татыган бул расмий эскерүү күндөрү – кыргыз элинин таш карыткан тарыхындагы өтө орчундуу учурларды, далай кыл чайнашкан кыйын-кезеңдерден өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча түндүк көтөрүп турган мезгилине чейинки окуяларды камтып турары жөнүндө сөз козгошту.

Студенттер тарабынан даярдалган илимий макалар баяндалды.

Жогорудагыдай иш – чаралардын болуп турганы, жаштардын патриоттук сезимин чыңдоого, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга үндөөгө жана эл жерине татыктуу жараан катары кызмат кылууга, кыргыз тарыхы жана аны менен бирге кыргыз санжырасын терең билип, ар бир жаш муун түпкү тегин аныктап, кыргыз элинин ынтымак-биримдигине өз салымдарын кошушуна түрткү болот – дешет аталган кафедрадан.

  • ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫНЧА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ
  • ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫНЧА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ
  • ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫНЧА, ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ