AVN







ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ

ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
 Nov 10, 2022  218

Профессор Ш.М Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы,  социалдык иш адистигинин студенттери жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин магистранттары катышкан  "Тарыхый эс-тутум ата-бабалардын жашоо жолунун субъективдүү картинасынын контекстинде" аталышындагы илимий жана тарбиялык максаттагы тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдо тарых жана ата-бабаларды эскерүү темалары талкууланып, 1917-жылдагы улуу Октябрь революциянын тарыхый мааниси чоң экендиги, анын жеңиши кыргыз элинин мамлекеттүүлүккө жетүүсүнө өбөлгө жараткандыгы, майрам катары белгилөө керектиги, бул датаны майрам катары сактап калууда тарых багытындагы илимпоздордун орду чоң экендиги, 8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү" күнү катары катарлаш коюулуусу да илимий көз карашта туура экендиги, өткөн муун калтырып кеткен уюткулуу салттык билимди, өткөн доордун тарыхын билүү, андан сабак алуу зарылдыктары, өмүрү өрнөк болчу инсандарыбызды эстен чыгарбай эскере жүрүү зарылдыктары белгиленди.

 Иш-чаранын жүрүшүндөгү кызуу талкууга студент жана магистрант жаштар активдүү катышып, ушундай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгы баса белгиленди.

  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ