AVN







ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК

ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК
 Nov 10, 2022  252

Тарых кафедрасында салтка айланган ачык сааттардын иретин булл жолу тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.А. Авазов Т-1-22 тайпасында “Адам жана коом дисциплинасы” боюнча  «Үй-бүлө социалдык  институт катары» деген темада сабак өтүү менен баштап берди. Программага ылайык сабакта төмөнкү суроолор каралуусу белгиленген;

1.Нике жана үй-бүлөнүн маңызы, функциялары;

2.Никенин классификациясы жанаүй-бүлөнүн типтери.

Сабактын максаты катарында төмнкүлөр белгиленген:

1.Билимберүүчүлүк:Нике жанаүй-бүлөнүнмаңызы, функциялары,  классификациясы жана типтери, социалдык институт катары коомдогу ролу  тууралуу билимдерди калыптандыруу;

2. Өнүктүрүүчүлүк: Студенттердин коомдогу социалдык жалпылыктар жана институтуттар боюнча билимдерин өнүктүрүү,  үй-бүлө саясатындагы тенденцияларды аныктоо, перспективаларын баалоо жана жыйынтыктарын алдын-ала  көрө билүү жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү;

3.Тарбиялоочулук: Студенттерди үй-бүлөлүк жана инсандык баалуулуктарга, адам укуктарына сый-урмат менен мамиле жасоого тарбиялоо.

         Алгач темага өбөлгө түзүү максатында дүйнөлүк ойчулдардын үй-бүлө маселесине арналган учкул сөздөрүнө токтолду. Сабактын иштелмесинде  бул боюнча “Үй-бүлө, сүйүү, бактылуулук  маселелери тээ байыркы мезгилден бери эле   адамзаттын алдыңкы өкүлдөрүнүн көңүлүнүн борборунда болуп келген. Ошол себептен  ойчулдардын, белгилүү инсандардын учкул сөздөрү жаралган жана бүгүнкү күнгө чейин маанисин жогото элек.    Алсак, француз жазуучусу Оноре Бальзак“Эгер жубайлар баш кошконго чейин бири-биринин кыял жоругун, кулк мүнөзүн, адаттарын беш колундай билишпесе үй-бүлөлүк турмушта бактылуу болбойт” деп бүтүм чыгарса, анын дагы бир мекендеши Андре Моруа “Бактылуу үй-бүлө- күн сайын оңдоп түзөй турган имарат” деген оюн айткан. А. Шопенгауэр болсо “Үйлөнүү өз укугун эки эсе азайтып, өз милдетин эки эсе көбөйтүү деген сөз” деп үй-бүлө күтүүнүн жоопкерчиилигине токтолгон. Белгилүү педагог В.А. Сухомлинский : “Эгер сен өзүмчүл болсоң, андай үй-бүлө курбай эле койгонуң оң. Бактылуу сүйүү- бул баш отуң менен башкага берилүү деген сөз. Өзүн-өзү жакшы көргөн адам бирөөгө бир нерсе бере албай, алганга гана маш, ушунусу менен ал сүйүүдөгү эң асыл нерсени булгайт. Өзүмчүлдүк кесел сыяктуу нерсе, ал  бардыгына жолтоо болот”- деген пикирин айткан. Ал эми үй-бүлөлүк турмуштагы чыр чатактар, аларды алдын алуу жана чечүү боюнча да бир топ инсандар өз ойлорун калтырышкан. Байыркы грек философу Сократ: “Эч нерсеге карабай үйлөнө бер. Жакшы аялга туш болсоң билбейм, бирок жаман аялга туш болсоң сөзсүз философ болосуң”- деп айтса, англис жазуучусу Р.Стивенсон: “Үй-бүлөлүк турмуш- талаш-тартыштан улам үзүлүп туруучу узак аңгемелешүү”- деп баа берген. Дагы бир англис жазуучусу С. Жонсон:“Үй-бүлөлүк турмушта кайгы капа көп болот, бирок үй-бүлөсүз турмушта эч кандай кубаныч болбойт”- деп таасын оюн айткан”- деген кызыктуу маалыматтар учурайт.

         Жаңы теманы түшүндүрүүдө лектор Э.Авазов үй-бүлө маселеси боюнча негизинен өзү тарабынан даярдаган окуу-усулдук колдонмого басым жасагандыгын белгилөөгө болот. Сабактын баардык структуралык элменттери сакталды жана студенттердин кызыгуусун жараткандыгын белгилөөгөболот.Бышыктоодо студентер теманы мыкты өздөштүрүшкөндүгүн билдиришти.

Жыйынтыгында студенттер нике жана үй-бүлөнүн  тарыхый жана заманбап типтери, негизги функциялары, нике жана үй-бүлөнүн келип чыгышы боюнча  изилдөөлөр, эмгектер менен таанышуу менен социалдык институт катары анын коомдогу орду жана ролу тууралуу билимдерге  ээ болушту. Сабака катышкан окутуучулар сабактын  жогорку илимий-теориялык жана талапка ылайык усулдук  деңгээлде өтүлгөндүгүн белгилешти.

  • ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК
  • ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК
  • ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК
  • ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК
  • ҮЙ-БҮЛӨ ЖАГДАЙЫН ҮЙРӨТКӨН САБАК