AVN







ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА

ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА
 Nov 4, 2022  371

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда 2022-жылдын 2-ноябрында Борбордук АзиядагыХаннс Зайдель Фондунун каржылоосу жана фонддун стипендиаты ЖАМУнун бүтүрүүчүсү Мирулан Токтосуновдун уюштуруусу  менен “Аймактарда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагында студенттердин, окутуучулардын стартап долбоорлорун/бизнес идеяларын ишке ашыруу, илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштелмелерин жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү максатында “Өз бизнесиңди башта” аталышындагы 1 (бир) күндүк микротренинг уюштурулуп, студенттер жана профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү катышышты.                                                                            Презентаторлор: Рысбек Бекматов жана Жазгуль Джунусбаевалар тарабынан бизнес-идеяны тандоо; бизнес-план түзүү; маркетинг жана MVP; бизнесте каржылык сабаттуулук сыяктуу темалар талкууланды жана катышуучулар тарабынан суроолор берилип, зарыл болгон тиешелүү жооптор алынды.                                    

  Иш чаранын жүрүшүндө Жалал-АбадJIA(ЖИА) филиалынын директору Тилебалды Урайимжанов студенттерге кайрылып, мыкты окуган жана чет тилдерин билген улан кыздар бизге керек, биз алар менен тыгыз кызматташып иш алып барганга даярбыз деп билдирүү менен Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) алдыда жасала турган иштерине чоң-чоң ийгиликтерди каалап чогуу иштөөгө кызыктар экендигин баса белгилеп кетти.

  • ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА
  • ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА
  • ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА
  • ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА
  • ӨЗ БИЗНЕСИҢДИ БАШТА