AVN







ЖАКТА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНДЕ

ЖАКТА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНДЕ
 Nov 4, 2022  311

Жалал-Абад колледжинин 040101 социалдык иш адистигинин студенттерине 2022-23-окуу жылынын 3-семестринде социалдык иш адистигине киришүү предметинен кезектеги жумуш ордунда окутуу болду. Мында аталган адистиктин студенттерине социалдык иштин объектиси болгон ДМЧ (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген) жарандар боюнча кеңири маалымат алуу максатында, Жалал-Абад шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Данакер” коомдук бирикмесинин төрайымы Тарыкчиева Айжамал Мадановна  менен биргеликте практикалык сабак өткөрүлдү.

Анда студенттер калктын аялуу катмары менен тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) коомдун жардамга муктаж катмары менен иш алып баруу, аларга карата мамлекеттик саясат боюнча жалпы маалымат ала алды. Мында аларга социалдык, укуктук, психологиялык, медициналык ж.б. жардамдар көрсөтүүлөр боюнча да талкуу болду.

Мен уксам унутам, көрсөм эске түшүрөм, өзүм жасасам түшүнөм! – дегендей студенттер теория менен практиканы айкалыштыруу максатын көздөгөн  жумуш ордунда окутууда көптөгөн  маалыматтарды ала алышты. Ошондой эле студенттер декабрь айындагы майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө  карата алдыга иш-чараларды пландаштырып кайтышты–дейт окутуучу А.А. Ташматова.

  • ЖАКТА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНДЕ
  • ЖАКТА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНДЕ
  • ЖАКТА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНДЕ
  • ЖАКТА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ СОЦИАЛДЫК ИШ АДИСТИГИНДЕ