AVN







ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ

ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ
 Nov 4, 2022  339

Барпы драма театрында тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы уюштурулуп, ага ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.

Ар жылы 7-8-ноябрь күндөрү ата-бабалардын эрдиктери эскерилип, куран түшүрүлүп келет. Бул жолу да КРнын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгилүү инсандардын эмгектерин, эрдиктерин, эл жери үчүн репрецияга кабылгандыгын баяндап, мындан ары кыргыз элинде тынчтык болуусун айтып өттү.

Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоң. Алардын бири соңку жаңы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар. Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, келечек муунду туура тарбиялоо биздин милдет дешет бүгүнкү эскерүүнүн катышуучулары.

  • ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА – БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ